2018-жылы өтө турган III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына мамлекеттик бюджет тарабынан 300 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин башчысы Азамат Жаманкулов билдирди.
"Буга чейинки Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына көп каражат кеткен. Себеби анда ипподром курууга, сахна жасалгалоо жана башка бир топ нерселерге өз-өзүнчө акчалар бөлүнгөн эмес. Бул ирет III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына мамлекеттик бюджет тарабынан 300 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнө турганы маалым болду. Андан сырткары Кыргыз өлкөсүндөгү демөөрчүлөр тарабынан да жетиштүү сумма бөлүнүшү күтүлүүдө. Азырынча анын так суммасы белгисиз. Ал эми сценарийи боюнча айтсам, өткөн оюндарга салыштырмалуу бир топ өзгөчөлүктөрдү байкайсыздар. Бул жолу чыныгы көчмөндөр цивилизациясына басым жасалат", - деди ал.
Ошондой эле III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына мамлекеттик бюджет тарабынан бөлүнгөн каражаттан сырткары, керек болгон сумманы "Кумтөр" ишканасы каржылай тургандыгы маалым болду.