Толкунбек Абдыгулов: "Улуттук банк өлкө жарандарынын криптовалютага салган каражаттарынын коопсуздугуна кепилдик бербейт"

"Улуттук банк өлкө жарандарынын криптовалютага салган каражаттарынын коопсуздугуна кепилдик бербейт", - деди бүгүн, 26-декабрда өткөргөн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, Улуттук банк Кыргыз өлкөсүндө сом менен гана төлөнгөн каражаттардын коопсуздугуна жоопкер.

"Элдер криптовалютага каражат салышы мүмкүн. Бирок алардын сакталуусуна Улуттук банк кепилдик бербейт. Учурда криптовалюта боюнча айтылган пикирлер көп. Экономисттердин пикиринде бул кезектеги каржылык көбүк. Биз өлкө жарандарына каражаттарынын 30 пайызын улуттук валютада, 30 пайызын башка валютада, 30 пайызын алтын менен сактоого чакырып келебиз", - деди Абдыгулов.

Криптовалюта - бул бүгүнкү тил менен айтканда электрондук каражат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tular
2017-12-27 08:48:49
Критовалюта козго корубойт, колго кармалбайт, просто воздух ал деген. Анан кантип кепилдик беришет. Улуттук сомду гана колдойлу туугандар...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан