Салянованын соту: Соттук коллегия экс-министрдин апасы менен телефондогу 45 мүнөттүк сүйлөшүүсүн угуу тууралуу өтүнүчтү четке какты

Бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык сотунда депутат Аида Салянованын кылмыш иши боюнча ишти карап жаткан соттук коллегияга жактоочу Чынара Жакупбекова мурдагы юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева менен анын апасынын телефондогу сүйлөшүүсүн угуу өтүнүчүн келтирди. Бирок соттук коллегия прокурорлордун пикирине таянып өтүнүчтү четке какты.

Мындай өтүнүч Бишкектин Ленин райондук сотунда келтирилип, тараптардын макулдугу менен телефондук сүйлөшүү угузулган. Экс-министрдин апасы менен болгон сүйлөшүүсү дээрлик 45 мүнөткө созулат. Алар жеке күнүмдүк турмуштук абалдарынан тарта куда-сөөк, туугандарына байланышкан маселелерди талкуулашат. Ортодо "Ата Мекен" фракциясынан депутаттар Алмамбет Шыкмаматов менен Аида Салянованы да кепке аралаштырышат. Мамбеталиева Алексей Елисеевдин жактоочулук лицензиясынын узартылышына байланыштуу козголгон кылмыш ишин да айтып, "бири Башкы прокуратурада отурду, экинчиси юстиция министри болуп турган кезде ишке түздөн-түз таасирин тийгизишкен" дегени угулат.

Соттук коллегия жалпы 7 томдон турган иш материалдардын 5-томуна териштирүү жүргүзүп, ишти улантууну 27-декабрга жылдырды.
Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
al-abu-kinesz
2017-12-27 08:29:11
Ошондо Саляновага Мамбеталиеванын апасы менен болгон суйлошуулордун негизинде кылмыш иши козголгонбу? же бул тел.суйлошуу дагы бир доказательство катары каралганбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан