Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештеги Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет жыйынында патент аркылуу салык төлөгөн ишкерлерди электрондук патентке өткөрүү сунушталды.
Экономика министрлиги бул демилге салык документтерин чогултуу, ташпыруу процедураларын жеңилдетип, коррупциялык байланыштарды үзөт деп ниеттенүүдө.
"Ишкерлер менен салыкчылардын ортосунда жең ичинен сүйлөшүүлөр бар экени жашыруун эмес. Бул байланыштарды үзүүгө мезгил келди", - деди биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев.
Ал кошумчалагандай, Орусия бул демилгеге колдоо көрсөтүүгө даяр. Эгер депутаттар колдосо, бул багытта сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Электрондук патент Орусиянын тажрыйбасынан алынышы күтүлөт.
КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев Орусиянын мисалы мыкты болушунан күмөн санайт. Ошондуктан депутат бул темада ишкерлердин катышуусунда парламенттик угуу өткөрүүнү сунуштады. Комитет бул мыйзам долбоорунун концепциясын парламенттик угуу өткөрүү шарты менен биринчи окууда жактырды.