Бүгүн, 26-декабрда Ош-Бишкек аба каттамы боюнча учак техникалык себептерден улам учпай калды. Аба каттам эртең, 27-декабрга жылдырылды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Биз учактардын учпай калышына жооптуу эмеспиз. Бул жоопкерчилик "Эйр Манас" авиакомпаниясында. Бүгүн техникалык себептерден улам каттам болбой калганын бизге билдирип, эртеңкиге жылдырылганын кабарлашкан. Ал эми билеттер, чыгымдар боюнча авиакомпания жооптуу. Биз келген жүргүнчүлөрдү тосуп алуу, узатуу иштерине гана жооптуубуз", - деди басма сөз кызматы.
Бүгүн түштөн кийин социалдык түйүндөрдө Ош-Бишкек багыты боюнча учак учпай калып, нааразы болгон атуулдардын видео, сүрөт кайрылуулары тараган.
Ал эми "Эйр Манас" бул боюнча билдирүү тарата элек.