Парламентте кепилдик фондунун капиталын 3 миллиард сомго чейин көбөйтүү cунушталды

Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жумушчу тобу кепилдик фондунун уставдык капиталын келерки жылдан тарта 2 миллиард сомго чейин көтөрүү, андан кийин 3 миллиард сомго жеткирүү сунушун берди.

"Бир Бол" фракциясынан депутат Акылбек Жапаров кепилдик фонду 2017-жылы 86 миллион сом өлчөмүндө гана кепилдик бергенин айтты.

"Кепилдик фонду 2017-жылы 86 миллион сом өлчөмүндө гана кепилдик берди. Ошол каражаттын негизинде 313 миллион сом көлөмүндө насыя алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бирок уставдык капиталдын аздыгынан улам алар натыйжалуу иш алып бара албай жатат. Ал үчүн 20 миллион долларлык облигация чыгаруу керек. Мында ички карыз көбөйгөнү менен, ишибиз алга жылат. Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан да 100 миллион доллар жүгүртүү каражатын карасак болот ", - деди Жапаров.

Жумушчу топ Улуттук банкка кепилдик фондунун уставдык капиталына кирүү сунушун берди. Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов мындай пикирге макулдугун билдирди.

Өкмөт 2018-жылдын биринчи кварталынын акырына чейин тийиштүү чараларды көрүү менен, кепилдик фондунун уставдык капиталын көбөйтүүгө тийиш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан