Премьер-министр Кара-Үңкүр дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери менен таанышты

Бүгүн, 26-декабрда премьер-министр Сапар Исаков Жалал-Абад облусундагы жумушчу сапарынын алкагында "Майлуу-Суу лампа заводунун" иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ишкана ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты техникалык директор Мурзажан Токтабаев сунуштады. Электр лампаларын өндүрүүчү ишканада 2 000ден ашуун адам эмгектенет. “Жылына болжол менен 300 миллион электр лампасы чыгарылып, көпчүлүк бөлүгү экспортко жөнөтүлөт. Милдеттүү төлөмдөр боюнча ири карыздарга байланыштуу, ишканада 2009-жылдын 16-февралынан тарта атайы башкаруу процедурасы ишке ашырылууда", - деди Токтабаев.

Өкмөт башчы ишкананын өндүрүш цехтерин, ошондой эле андагы өндүрүлүп жаткан продукцияны көрүп чыкты.

Сапар Исаков ишкананын учурдагы көйгөйлөрүн чечүү үчүн жакын арада тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда жумушчу кеңешме өтөт деп билдирди.

Ошондой эле премьер-министр Базар-Коргон районундагы Кара-Үңкүр дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери менен таанышты.

Өкмөт башчы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жергиликтүү бийлик менен биргеликте жакын аймактардын суу астында калуусунун алдын алуу максатында тийиштүү иштердин өз убагында аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан