"Бир Бол" фракциясынан депутат Улугбек Ормонов жаӊы курулган көп мектептер, медициналык мекемелер табигый кырсыктан бузулуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал 26-декабрда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.
Ал кооптуу жерлерге социалдык объектилерди курган аткаминерлерди жоопко тартуу керектигин баса белгиледи.
Комитеттин төрагасы Исхак Пирматов адамдардын өлүмүнө себепкер айрым кызмат адамдары сөгүш алуу менен жоопкерчиликтен кутулуп кетип жатканын айтып, жоопкерчилик чараларын катаалдаштыруу зарылдыгын билдирди.
Жыйында “Кыргыз мамлекетинде табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” долбоорун даярдоого карыз берүү жөнүндө макулдашуу катты жактырды.
Ратификациялык мыйзам долбоорунун негизги максаты аталган долбоорду иштеп чыгуу үчүн инвестициялык долбоордун жалпы көлөмүнөн 3 миллион долларды карыз катары ала туруу болуп саналат.