Бүгүн, 27-декабрда Бишкек-Ош унаа жолуна таш кулап жолдун бир тарабы жабылып калганын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, таңкы саат 5:00 чамасында унаа жолунун 400-чакырымына болжол менен 500 метр куб таш кулап, жолдун бир тарабын жаап калды. Жол тазалоого №30-жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер тартылып, тазалоо жумушун жүргүзүүдө.
"Буга чейин 26-декабрь күнү Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Торкент-Толук унаа жолунун 58-чакырымына да 1800, 60-чакырымына 720, 68-чакырымына 600 куб метр кар көчкү түшкөн. Аталган жерге 2 бульдозер тартылып, саат 05:30да жол толугу менен ачылган", - деп айтылат маалыматта.