Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында мектептерди 6 күндүк окуу жумалыгынан 5 күндүк окуу жумалыгына өткөрүү боюнча мыйзам долбоору талкууланууда. Мыйзам депутат Дастан Бекешев башында турган бир топ депутаттар тарабынан демилгеленген.
“Учурда мектептердин 80 пайызы 5 күндүккө өткөн. Болгону 20 пайыз мектептер 6 күндүк жумалык менен окуйт. Бул учурда өкмөттүн токтому менен ишке ашып жатат. 446 мектеп 1 нөөмөт менен, 1600 мектеп 2 нөөмөт менен, 159 мектеп 3 нөөмөт менен окуп жатат”, - деди Билим берүү министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыканов.
Демилгечилердин пикиринде, мектептерди 6 күндүк окуу жумалыгынан 5 күндүк окуу жумалыгына өткөрүү сунушу боюнча мыйзам кабыл алынгандан кийин, кийинки окуу жылына 2018-жылдын сентябрь айынын тартып иштеп баштайт.