Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында мектептерди 6 күндүк окуу жумалыгынан 5 күндүк окуу жумалыгына өткөрүү боюнча мыйзам долбоору талкууланууда. Демилгечилердин бири Дастан Бекешев мектептерде сабактарды сандан сапатка өткөрүү керектигин айтты.
“Депутаттар 5 күн иштеп, мугалимдер 6 күн иштеп жатат деген маселе жатат. Ар бир өлкөдө стандарт болушу керек. Ал стандартка жооп бербесек, 36-40 саат окуган балдарга оор келиши мүмкүн. Бул билим сапатына терс таасирин бербейт.
Башка өлкөлөр бул маселени эчак чечишкен. Мындай стандартка өтө элек Кыргыз өлкөсү, Тажикстан эле калды. Орусия да 5 күндүккө өтүп кеткен. Балдар канча көп окуса ошончо жакшы болот деп ойлочумун. Бирок андай эмес экен, билим алууда балдарга канча басым аз болсо, ошончо алар көп нерселерди өздөштүрө алат”, - деди Бекешев.
Демилгечилер билдиришкендей, бул стандартка өтүү менен бир канча сабактар кыскартылышы мүмкүн.
Билим берүү министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыканов учурда өкмөттүн токтомуна ылайык жаңы стандарттар иштелип жатат. "Кийинки окуу жылына чейин кайсы сабактар кыскартылышын карап чыгабыз. Мугалимдердин айлыктары кыскарбайт, буга тиешеси жок. Жумалык окуу программасына эле тийиштүү”, - деди Шадыканов.
Төрага Дастан Жумабеков Билим берүү жана илим министрлигин англис, орус, кыргыз тилдери боюнча сабактарды кыскартпоого чакырды. Талкуунун жыйынтыгы менен депутаттар бул мыйзам долбоорун 2-окууда добуш берүүгө жиберди.