Кирип келе жаткан 2018-Жаңы жыл майрамына карата Кыргыз-Кытай чек арасы 30-декабрдан 2018-жылдын 1-январына чейин жабылат. Мындай маалыматты мамлекеттик Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматта белгилүү болгондой, чек ара Кытай тараптын сунушу менен чектөөгө алынмакчы. Торугарт-Эркеч-Там унаа жолу 30-декабрдан 1-январга чейин жабылып, 2-январь күнү эртең менен кайрадан унааларга ачылат.