Күтүүсүз эмес, кыш мезгилинин алгачкы айы аяктап баратканда, 27-декабрда түндө жаап баштаган карга шаар тургундары жана муниципалдык "Тазалык" ишканасы даяр эместей көрүнөт. ӨКМ жана Кыргызгидромет 3 күндөн бери аба ырайы кескин өзгөрүп, кардын жаашы күтүлүп жаткандыгын маалымдаганына карабастан борбор калаанын башкы көчөлөрүнүн көбү кардан тазаланбай, айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаратууда.
Интернет колдоонуучулар Бишкекте "апокалипсис" орун алып, кардын мындай көп көлөмдө жаашына шаардын тургундары гана эмес тийиштүү органдар - мэрия, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын даярдыгы жок экенин белгилешүүдө.
Шаар тургундары бүгүнкү күн жол тыгынына байланышкан жумушка кечигүүлөр менен башталганын жазышууда. Бир четинен кардын тазаланбаганы жол тыгынын пайда кылса, дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыра элек айдоочулар экинчи себеби болгонун, көчөлөрдө муну көзөмөлгө алган Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бир дагы кызматкери жок экенин белгилешкен.
Ошондой эле шаардын көптөгөн райондорунда
электр жарыгынын өчүрүлгөнү маалым болду. Калың жааган карды көтөрө албай ийилип, сынайын деп калган бактардын саны шаардын көчөлөрүндө көп экенин, алар шаар тургундарынын өмүрүнө коркунуч келтирип жаткандыгын шаардыктар билдиришүүдө.
Бишкек шаарындагы көчөлөрдү кардан тазалоо иштери кандай жүрүп жатат деген суроо менен муниципалдык "Тазалык" ишканасынын басма сөз кызматына кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдык: "Бишкек шаарында 19 кар тазалоочу, 2 кум чачуучу машина, 2 жүк ташуучу машина, 5 трактор таңкы саат 4:00дөн тартып шаарды кардан тазалоодо. Ошондой эле 516 жумушчу жөө жүргүнчүлөр жүргөн жолдорду кардан жана муздан тазалап жатышат".
Мындан сырткары, бир сутка ичинде 60 тонна кум жана 7 тонна туз колдонулганын, азыркы тапта да жумушчулар күчөтүлгөн режимде иштеп жатышканын кошумчалады маалымат катчы.