Өлкөдө курулуштардын сейсмикалык сапатын аныктоочу жалгыз жабдык бар. Ал эскирип иштен чыгып оңдоого муктаж. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин директорунун орун басары Алмазбек Абдыкаров билдирди.
Депутат Дастан Бекешев: "Өлкөдөгү курулуштардын жер титирөөгө туруштук бере турганын аныктоочу техника барбы? Сиз ушул учурда Ак Үйдүн сейсмикалык туруктуулугун аныктай аласызбы? 2015-жылы мен сиздерге ушул маселе менен кайрылганда, мындай жабдык жок деп жооп бергенсиздер. Сиздер анык жообун бергиле, мен сиздерге кат жиберем, кийин маселе жаралбайбы?" - деп сурады.
"Мындай жабдык бар, бирок ал эскирген. Оңдоп-түзөөдөн өткөрүү керек", - деп жооп берди депутатка Абдыкаров.