Улуттук энергохолдинг: "11 айдын ичинде иштелип чыккан электр энергиянын көлөмү 13, 322 миллиард киловатт саатты түздү"

Бүгүн, 27-декабрда Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев электр энергия жаатындагы жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Анын айтымында, ушул жылдын 11 айынын ичинде иштелип чыккан электр энергиянын көлөмү 13 миллиард 322 миллион киловатт саатты түздү. Бул көрсөткүч 2016-жылдагы өндүрүлгөн электр энергиясынан 25 пайызга көп.

"2016-жылы 11 айда иштелип чыккан электр энергиянын көлөмү 10, 651 миллиард киловатт саат болгон. Бул жылы 2,671 киловатт саатка көп болду. Быйылкынын 92 пайызы ГЭСте, 8 пайызы ЖЭБде өндүрүлгөн", - деди ал.

Ал белгилегендей, Кыргыз энергосистеминин электр станцияларынын эң жогорку кубаттуулугу 3125 МВт.

"Электр энергиясын эң жогорку керектөө 2017-жылдын 17-декабрында катталган жана 62,65 миллион киловатт саатты түзгөн. Декабрь айында кубаттуулуктун резерви 100-400 МВт тегерегинде болуп жатат. Токтогул ГЭСиндеги 2-гидроагрегат ишке киргизилгенден кийин дагы 300 МВтка өсөт. Натыйжада кышкысын электр энергияны Өзбекстанга экспорттоого шарт түзүлөт", - деди Калиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан