КҮНСЕРЕП: 15 доллар: Мигранттарга дагы бир жүк түшкөнү турат

Бүгүн, 27-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Орусияга кирген ар бир мигранттан 15 доллардан салык алуу сунушталууда. Мамлекеттик Думанын депутаты Олег Нилов ушундай жол менен Орусия мигранттарды дарылоого жана депортациялоого коротуп жаткан ашыкча чыгымдан кутулат деп эсептейт. Депутаттын сөзү азырынча сунуш гана.

15 доллар учурда 1000 сомдун тегерегиндеги акча. Эске салсак, Орусияда 2011-жылдан бери жарандарга акысыз медициналык кызмат көрсөтүүнү кепилдеген программа иштейт. 2017-жылдын 1-январынан тарта ЕАЭБдеги өлкөлөрдөн, анын ичинде Кыргыздан барган мигранттар Орусиядан медициналык камсыздандыруу алуу укугуна ээ болушкан. Камсыздандыруу күбөлүгү бар мигранттар "Тез жардам" жана дарылоо кызматын Орус жарандарындай эле акысыз пайдалана алышат. Күбөлүктүн баасы 1500 сомдун тегерегинде.

Азыркы тапта Орусияда 10 миллиондой мигрант бар. Мунун ичине Кыргыз Республикасынын 1 миллионго жакын жараны кирет. Орусияда кара жумуштун басымдуу бөлүгү мигранттардын күчү менен жасалып жатат десе болот. Кыргыз жеринен ылайыктуу иш таппаган жарандар дале Орусия, Казакстан, Түркия өӊдүү өлкөлөргө агылып жатышат. Чет өлкөлөрдөгү жарандарынын укуктарын коргоо, иштөөсүнө зарыл шартты түзүү иши Кыргыз бийлиги чечип бүтө элек маселе боюнча турат. 2015-жылы Кыргыз өлкөсү ЕАЭБге киргенде Орусия менен Казакстандагы мигранттардын абалы бир аз жакшырды. Бирок бул жылыш көпкө созулбады, ЕАЭБдеги өнөктөш өлкөлөрдө улам жаӊы чектөөлөрдү киргизүүгө аракеттер болуп жатат. Орусиянын "кара тизмесинен" Кыргыздын миӊдеген жарандары чыгарылбай турат. Буга чейин Орусиянын депутаттары Кыргыз жарандарын улуттук айдоочулук күбөлүк менен жүргүнчү жана товар ташып иштөө укугунан ажыратууну сунуштап чыгышкан. Ал маселе бир жактуу чечиле элек.

Миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев 2018-жылдан тарта мигранттардын укугун коргоодо жаӊы долбоорлор ишке ашырыларын билдирген. Кыргыз бийлиги сырттагы мекендештердин укугун коргоо иштери үчүн 2018-жылдын бюджетинен 27 миллион сом бөлдү. Бөтөн жерде мыйзамсыз жүргөн жарандардын абалы түшүнүктүү, ал эми мыйзамдуу иштеп, жашап жүргөн мигранттар дагы Орусиянын укук коргоо органдарынын кылтагына илинип, негизсиз депортацияланып кеткен учурлар ондоп, жүздөп саналат. Миграция кызматы менен өкмөттүн, президенттин өлкөнү багып жаткан мигранттардын абалын жакшыртуу боюнча аткарышы керек болгон иштери көп...

Калыӊ жааган кардан улам Чүй жана Талас облусунун 10 району жарыксыз калды. "Түндүк электр" ишканасы жамгыр жаап, артынан кар жаагандыктан чубалгыларга муз тоӊуп үзүлгөнүн билдирди. Аламүдүн районунда эле бир түндө 25 авариялык өчүрүү болгон.

17-декабрда биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев кышка даярдык маселеси боюнча жыйын өткөрүп, анда энергетикалык компаниялардын даярдыгы мыкты болгону үчүн декабрдан бери тармак стабилдүү иштеп келе жатканын айтып мактаган эле. Бүгүнкү абал Шадиев эртерээк кубанып алганын көрсөттү.

Калыӊ жааган карга Бишкек мэриясы дагы даяр эмес экени билинди. "Тазалыктын" жумушчулары саат таӊкы төрттө ишке чыкканына карабай, таӊ атканча шаардын борбордук көчөлөрү кардан толук тазаланган жок. Жол тазаланбаганын, анын айынан жол кырсыктары, унаа тыгындары болуп жатканын шаардыктар интернет желесине "Бишкекте апокалипсис" деген билдирүүлөр менен сындашты. 2012-жылы декабрда Жогорку Кеӊештин депутаттары ал кездеги премьер Жантөрө Сатыбалдиевдин "кыш күтүүсүз келди" деген сөзүн сындап, "декабрда кыш келбей, жаз келмек беле" дешкен.

"Кыргызгидрометтин" аба ырайы кескин өзгөрөт деген эскертүүсүн Бишкектин шаар башчылыгы укпай “өткөрүп” ийген өӊдүү.

Түндөгү катуу шамал Кара-Суу шаарында, Ала-Бука, Кара-Буура аймактарында мектеп, дарыкана жана үйлөрдүн чатырын учуруп кетти. Шамалдын зыянын башка аймактар да тартып, учурда келтирилген зыяндын суммасы такталууда. Табият келтирген бул зыяндар турак жайды камсыздандыруу зарылчылыгын дагы бир ирет эске салды. Өлкөдө бул иш кандай жүрүүдө?

2015-жылы 50 миллион сом уставдык капиталы менен Мамлекеттик камсыздандыруу уюму түзүлгөн. Турак жайды камсыздандыруунун баасы айыл жеринде 1 жылга 600 сом, шаарда 1200 сом. Турак жайды камсыздандыруу - жарандарга милдеттүү эмес. Ал эми автоунааларды камсыздандырууга тийиштүү мыйзам күчүнө кирген, ага ылайык унаасын камсыздандырбагандарга 2019-жылдын 1-январынан тарта жаза колдонулуп баштайт. 2017-жылдын апрель айына карата өлкөдө 4638 гана турак жай камсыздандырылган. Өлкөдө расмий катталган 1 миллиондон ашык турак жай бар. Мамлекеттик уюм 2017-жылдын алгачкы 3 айында 3 турак жайга 133 миӊ сом суммасында камсыздандыруу төлөмүн берген. Май айында ал кездеги премьер Сооронбай Жээнбеков 2016-жылы Мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна 100 миллион сом берилип, уюм жыл ичинде араӊ 8 миллион сомго камсыздандыруу ишин жүргүзгөнүн сындаган эле.

2016-жылы Казарман айылында 42 үй катуу шамалдан зыян тарткан. Булардын ичинен 1 гана үйдүн Мамлекеттик камсыздандыруу уюму менен келишими болгон. Адистердин баалоосуна жараша, компания 1 үйдүн чыгымы үчүн 30 миӊ сом төлөп берген. Табияттын кырсыгы айтып келбейт. Андыктан бул маселеде мамлекеттик уюм менен катар жарандардын жеке жоопкерчилиги да жогору. Мыйзам "турак жайды милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" деп аталганы менен аны аткарбагандар үчүн административдик жоопкерчилик каралган эмес. Деген менен табият келтирген жаза жетиштүү. Анткени табият кырсыгынан зыян тарткан турак жай камсыздандырылган эмес болсо мамлекеттен жардам берилбейт...

Жаңы жылды утурлай Орусияда КМШ өлкөлөрүнүн президенттеринин бейформал жолугушуусу өттү. Президент Владимир Путин 2017-жылдын 10 айында КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн суммасы 25 пайызга өсүп, 117 миллиард долларга жакындаганын айтты.

Президент Сооронбай Жээнбеков болсо Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга токтолуп, абал дале кооптуу бойдон калып жатканын айтты. “Биз пайда болгон чакырыктарга өз учурунда жооп берүү үчүн КМШдагы өлкөлөрдүн күч аракетин бириктирүүгө тийишпиз”, - деди Жээнбеков. Буга чейин Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасин Кыргыз тарап өлкөгө Орусиянын дагы бир аскердик базасын жайгаштырууну сунуштап Орусия "Тажикстанда жана Кыргыз жеринде аскердик базалар бар, аймактагы коркунучтардын мизин кайтарууга ошол жетиштүү" деп баш тартканын билдирген.

2003-жылы Кант шаарына аскердик базасын жайгаштыруу үчүн Орусия Кыргыз өлкөсү менен 15 жылдык келишим түзгөн. 2012-жылы келишим кайра каралып, аскердик базанын мөөнөтү дагы 15 жылга узартылган жана келишим 2017-жылдын январында күчүнө кирген. Келишимге ылайык, Орусиянын Канттагы аскер базасы 2032-жылга чейин ишин улантат.

Быйыл Кыргыз жеринен Сирияга аскер жөнөтүү жөнүндө да түрдүү сөздөр тарап, өлкөдө талкууга түшкөн. Жээнбеков Орусиялык басылмалардын бирине маек берип, анда журналист президенттен “ММКларда Кыргыз жеринен Сирияга тынчтык орнотуучуларды жөнөтүү мүмкүндүгү талкууланды. Бишкек БУУнун алкагында мындай тынчтык орнотуу операцияларына катышууга даярбы?” – деп сурады. Жээнбеков бул оӊой чечилүүчү маселе эместигин, күн тартибинде бул маселе жоктугун, эӊ башкысы Сирияга аскер жиберүүгө Кыргыз парламентинин уруксаты керектигин айтты. Ошентип Атамбаевдин тушунда көтөрүлүп кайра басылган талуу маселени Жээнбеков ийкем айланып өтүп кетти...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан