Кыргыз мамлекетинде кен чыккан жерди иштетүү боюнча лицензия берүү тартибин өзгөртүү керектиги айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда Тоо кен өнөр жай жана геологдор ассоциациясынын мүчөсү Картабек Мукамбетов маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, тоо кен тармагын тартипке келтирүү үчүн лицензия берүү боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл.
"Лицензия берүүдө эки этап болуш керек. Биринчи ким сынактан утса, ал техникалык-экономикалык негиздеме долбоорун иштеп чыгат. Ошондо жер казынасында эмне бар экенин жана канча чыгым, канча пайда боло турганы белгилүү болот. Экинчиси болсо бардык милдеттемелер боюнча келишимди түзүү зарыл. Ошондо соттук иштер болбойт", - деди Мукамбетов.