Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында балдарга жөлөк пулду берүү мөөнөтүн 3 айга жылдырууга багытталган мыйзам долбоору 2 жана 3-окууда каралууда. Анда жөлөк пулдар жөнүндө мыйзамды кайра иштеп чыгуу үчүн үч айга жылдыруу сунушталат. Депутат Айнуру Алтыбаева үч айдан кийин бул мыйзамда кандай өзгөчөлүктөр киргизиле турганына кызыкты. Ага эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова жооп берди.
“Так айта албайбыз, чыгып кала турчу балдардын санын тактоо кыйынчылык жаратып жатат. Экинчиден, бул норма боюнча балдар 500 сомдон алып калып жатат. Буга чейин 810 сомдон берилип келген. Бул да нааразычылыкты жаратышы мүмкүн.
Учурда нормативдик база иштелип жатканда кемчиликтер байкалды. Анда 30 миңдей бала жөлөк пул ала албай калып жатат. Бул "үчүнчү баладан баштап жөлөк пул алып калат" деген нормага туура келип жатат. Ошондуктан өкмөт сүйүнчү пул боюнча норма иштей берсе, калган жаңы өзгөрүүлөр боюнча үч ай убакыт сурап жатабыз", - деп жооп берди министр.
Исакунова 5-6 баласы бар үй-бүлөлөр да биринчи, экинчи баласы үчүн жөлөк пул албай калышы мүмкүн экенин белгилеп, бул норманы иштеп чыгуу зарылдыгын айтты.
Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев да бул маселе боюнча оюн айтты. “Мыйзам абдан чийки болгон. Даярдалып жатканда өкмөт, биздин адистер тарабынан катачылык кеткен. Биз акыйкатсыздыкты оңдоп келели деп жатабыз”, - деди Шадиев.