Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңеште балдарга жөлөк пулду берүү мөөнөтүн 3 айга жылдыруу маселеси каралууда. Анда депутат Чыныбай Турсунбеков жөлөк пул боюнча мыйзам учурунда шашылыш кабыл алынган саясий чечим болгонун айтты.
“Бул мыйзамды шашып, саясий чечим кылып кабыл алганбыз. Эмнеге иштебей кайра келип калды. Балдардын баары алганы жатат деп айтып, эми кайра даректүүлүккө, мурдагы нормага кайтып жатабыз. Бюджетке зыян келбейт деп баарыбыз айтканбыз. Эми эч ким күнөөлүү болбой калдыбы? 6 айдан кийин кайра кайрылып, үч айдан кийин кайра карап жүрө бербей, бул баш аламандыкка жол берген бирөө жоопкерчиликтүү болушу керек”, - деди Турсунбеков.
Социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова ким ката кетиргени боюнча жооп бере алган жок. Ал тек гана жөлөк пул берүү боюнча учурда иштеп жаткан мыйзамдын эскилигинен улам өкмөт бул өзгөртүүлөргө макулдук бергенин айтты.
“Бүгүнкү мыйзам 1998-жылдан бери иштеп келе жатат. Ал мыйзам эскирип иштен чыгып калды. Бул мыйзамда жаңылануулар бар. Ошондуктан өкмөт убагында колдогон”, - деп жооп кылды Исакунова.
Чыныбай Турсунбеков бул мыйзам дароо 2-3-окууда каралып жатканын белгилеп, Жогорку Кеңеш менен өкмөт шашып кайра эле ушул катачылыкка жол берилип кетүүсүнөн тынчсызданып жатканын айтты.
“Шашып жатып кайра эле ушул маселеге кептелип калышыбыз мүмкүн. Процедураларды сактасак”, - деди Турсунбеков.
Белгилей кетсек, жөлөк пул боюнча мыйзам кабыл алынган учурда Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин төрагасы болгон.