Аскарбек Шадиев: "Тышкы карыздын айынан кийинки жылдарда балдарга жөлөк пул берүүдө маселе жаралышы мүмкүн"

Тышкы карыздын айынан кийинки жылдарда балдарга жөлөк пул берүүдө маселе жаралышы мүмкүн. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев бүгүн, 27-декабрдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди. Ал жөлөк пул боюнча иштелип чыккан мыйзам толук иштелбегенин айтып, аны аягына чыгаруу үчүн депутаттарды колдоого чакырды.

"Мыйзам кабыл алынып жатканда так, аягына чейин иштелип чыккан эмес. Каржы министри Адылбек Касымалиев ушул жылы каражат жагынан маселе жаралбайт деп айтты. Мен айтат элем, бул кийинки жылдарда маселе жаратат. Анткени биздин тышкы карызыбыз бар. Анын пайыздары, жалпы төлөмдөрү боюнча эң көп төлөмдөрү 2019-2022-жылдары болот.

Бүгүн жөндөн жөн эле жөлөк пул деп ар түрдүү варианттар айтылып жатат. Бүгүнкү күндө так сумма жок, 7 миллиард сом деп жатат. Ошондуктан мен сиздерди чакырат элем, жумушчу топ түзөлү ага каалаган депутаттар кирсин. Ошол жерден чыныгы муктаждарга акча жете турган, мамлекеттин акчасы максаттуу бериле тургандай бардык жактан шайкеш келген мыйзамды иштеп чыгалы", - деди Шадиев.

Белгилей кетсек, бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында балдарга жөлөк пулду берүү мөөнөтүн 3 айга жылдырууга багытталган мыйзам долбоору 2 жана 3-окууда каралууда. Анда жөлөк пулдар жөнүндө мыйзамды кайра иштеп чыгуу үчүн 3 айга жылдыруу сунушу талкууланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-27 14:26:13
Бакиев болгондо каап
+1
KGstan1981
2017-12-27 14:32:28
Кочмондор оюнуна 300 млн сом табылат.Ал эми жаш боокторго толонучу жолок пулга акча табылбай калабы.
+4
Chemp85
2017-12-27 14:57:59
Ушул акылдуу министр соройлор шайлоонун алдында биз шайлансак айлык 25000 ден пособиялар 10000 кем алышбайт,пенсия орточо 7-8 мин болот деген талапкерлерге айтышса болмок кайдагы жомокту айтып элдин курсагын тойгозуп атасынар деп. Элди алдап шайланып алышкандан кийин тышкы карыбыз коп толой албайбыз деп алдашат. Карапайым калк билишет бере албашын бирок булар оздорунчо эле цирк кылышып эл учун иштешип кыйратып атышкансып.
+5
yrysbek
2017-12-27 15:16:16
Кана оооо шайлоонун алдында балп этип ойлонбостон суйлоп койгондор кайда журот, ойлонууп алды артынарды карап анан иш кылбайт беленер? Эмне Кыргызстандын тагдыры, башкасы баары силердин оюнчугунар болуп калганбы? Кыргызды кыйратып туготкон Силер болосунар.
+3
yrysbek
2017-12-27 15:20:33
Кенжебек Бокоев, кантип ушул созду эми уялбай айтып атасынар "Шайлоонун шарапаты менен отуп кеткен" деп, уялбайсынарбы 120 ал жерде ... жеп олтурасынарбы? Уяты жоктор, Силер Кыргыз элинин эртенки келечеги менен ойношпогула
+3
Nanei
2017-12-27 15:37:22
Уят. Шылтоо Эми карыз болдуву???
+2
saparu
2017-12-27 16:09:14
Тышкы карызга шылтап жолок пулду тегиз беришпейт экен булар
+1
Gulnyr19
2017-12-27 21:35:21
Ушул мыйзамды кабыл алып жатканда Шадиев каякты карап отурган экен ошондо айтса болбойбу сөздөрүн. Эми бийликтин эшеги ылайдан өтүп эстүү болуп чыга келбей. Элдин кыжырына тийип жатасыңарда
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан