Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңеште балдарга жөлөк пулду берүү мөөнөтүн 3 айга жылдыруу маселеси каралууда.
Анда КСДП фракциясынан депутат Карамат Орозова мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөр кайра эле эски системге алып бара турганын билдирди.
"Качан реформа болот? Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунованы жөн эле кыйнап, аны укпай жатасыздар", - деди Орозова.
Биринчи-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев жөлөк пулдарды муктаж адамдарга жеткирүү үчүн жергиликтүү калк менен кызматташуу жагын карап көрүүнү сунуш кылды.
"Чынында айылдарда ким бай, ким кедей, ким жөлөк пулга муктаж экенин баары билет. Бай үй-бүлөлөр дагы акча алгысы келсе алардын тизмесин илели. Ошондо ушул мыйзам иштейт. Сүйүнчү пулдун ордуна ооруканаларды курсак болмок", - деди Шадиев.
Айта кетсек, өкмөт Жогорку Кеңештин кароосуна “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун киргизди. 2018-жылдын 1-январында күчүнө кире турган аталган мыйзамдын бала төрөлгөндө бир жолу берилүүчү “балага сүйүнчү” төлөөгө тийиштүү жобосун кошпогондо, ишке кирүү мөөнөтүн 3 айга артка жылдыруу сунушталган.
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамына ылайык, жаңы төрөлгөн балага 4 миң сом жөлөк пул берилери жазылган. Ал эми 3 жашка чейинкилерге ай сайын 700 сомдон, үчүнчү баладан баштап 3-16 жашка чейинки балдарга айына 500 сом бериле турганы камтылган. 21-июнда аталган мыйзам 3-окууда Жогорку Кеңеште кабыл алынган. Ал эми ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев 1-августта мыйзамга кол койгон. Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирмек.