Кечээ түнү катталган шамалдын кесепетинен Ош шаарынын башкы балатысын курчап турган баннерлер жана айрым жасалгалар кулап калган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаардык мэриясынын Коомчулук менен байланыш түзүү кызматынын башчысы Талантбек Канатбек уулу билдирди.
"Түндө бир гана Ошто эмес, дээрлик өлкө аймактарында катуу шамал катталганы баарыбызга маалым. Анын кесепетинен Оштун башкы балатысын курчап турган баннерлер жана айрым жасалгалар кулап калган. Жабыркагандар катталган эмес. Азыркы учурда аларды кайра калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бир аз убакыттан кийин оңдоо иштери бүтүп калат", - деди ал.
Ошондой эле айрымдардын "балаты сынып калыптыр, оюнчуктары түшүп калыптыр" деген сыяктуу маалыматтарды таратып жатканы чындыкка дал келбей турганын кошумчалады.