Керектөөчүлөрдүн электр энергиясына болгон карызы 1 миллиард 668,5 миллион сомду түзөт

Жыл башынан бери керектөөчүлөрдүн электр энергиясына болгон карыздары 120 миллион сомго азайды. 2017-жылдын 1-январында жалпы карыздын көлөмү 1 миллиард 788 миллион 500 миң сом болгон. 11 ай ичинде калктын карызы 101,5 миллион сомго же 11,3 пайызга, бюджеттик керектөөчүлөрдүн карыздары 83,1 миллион сомго же 17,2 пайызга азайды. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев жыл жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйынында айтты.

Анын айтымында, электр энергия үчүн чогултулган акчанын суммасы 11 миллиард 862,9 миллион сомго жетти. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 миллиард 370 миллион 200 миң сомго көп.

"Ал эми бөлүштүрүү компаниялардын электр энергиясынын жоготуулары 12,8 пайызды (1 миллиард 302,5 миллион киловатт саат) түздү. Бул жоготуулар 2016-жылдын ушул мезгилине салтырмалуу 0,5 пайызга аз", - деди Калиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан