Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңеште балдарга жөлөк пулду берүү мөөнөтүн 3 айга жылдыруу маселеси каралууда. Анда бир топ депутаттар мыйзамдын чийки иштелгенинен улам өкмөт тийиштүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароосу керектигин айтышты.
"Мыйзам долбоорун биз колдоп бергенбиз. Каражат маселеси чечилип, бюджетте бекитилген. Бирок иш жүзүндө кемчиликтер көрүндү. Өкмөттө бул маселени карап, тийиштүү адамдын жоопкерчилигин карайсыздар деп ишенем. Анткени 30 миң баланы жөлөк пулдан ажыратып койгонубуз туура болбойт. Менин эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрине суроом бар. Сиз кызматтан кетүүгө даярсызбы?” - деп депутат Улан Примов министрден сурады.
"Ооба, мен бүгүн арыз жазып, өкмөт башчыга кирем", - деп жооп берди министр Таалайгүл Исакунова.
Депутат Зиядин Жамалдинов депутаттарды мыйзам кабыл алууда шашпоого чакырды.
"Шашкан мыйзам бүгүнкүдөй болуп иштебей калат. Ошондуктан жакшылап тактап, талкуулап мыйзамга жоопкерчиликтүү мамиле жасасак", - деди Зиядин Жамалдинов.