Депутат Масабиров: "Социалдык өнүктүрүү министрин отставкага кетирүүгө шашпаш керек"

Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында балдарга жөлөк пулду берүү мөөнөтүн 3 айга жылдыруу маселеси каралууда.

Анда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова кызматтан кетүү боюнча арыз жаза турганын айтты.

Ал учурда КСДП фракциясынан депутаты Альфия Самигуллина: "Эмнеге эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматтан кетет? Эмне үчүн саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев кызматтан кетпейт?" - деди.

"Кыргызстан" фракциясынан депутат Таалайбек Масабиров министрлерди кызматтан кетирүүгө шашпоо керектигин айтты.

"Саламаттыкты сактоо министри реформа жасап жатканы үчүн отставкага кетиш керекпи? Бул жерде мыйзам долбоору тууралуу сөз болуп жатат. Маселе боюнча 3 айда кандай жыйынтык, анализ чыгарып беребиз билбейбиз. Министрдин отставкасын карабай, күнөөлүү адамдын жоопкерчилигин кароо зарыл", - деди Масабиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан