Депутаттар министрдин кызматтан кетүү боюнча айткан сөзүн талкуулады

Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңеште балдарга жөлөк пулду берүү мөөнөтүн 3 айга жылдыруу маселеси каралууда. Анда депутаттар эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунованын кызматтан кетүү боюнча айткан пикирине ойлорун айтышты.

КСДП фракциясынан депутат Альфия Самигуллина: "Эмнеге бул жерде кош стандарттуулук, эмнеге саламаттыкты сактоо министрин кызматтан кетирсек болбойт, ал эми социалдык өнүктүрүү министрин кызматтан кетирсек болот?" - деп суроо салды.

"Бир Бол" фракциясынан депутат Акылбек Жапаров: "Министр болуп төрөлбөйт, министр болуп бара-бара бутуна турат. Министрдин өкмөт башчыга кирем деген сөзү эмоция менен айтылган сөзү болушу керек. Сиздер чечим кабыл алганда карап көрөсүздөр. Үч айдан кийин да мыйзамда кемчилик болсо, парламентте мыйзамды коргой албаса, анан министрдин кызматын карап көрөсүздөр. Бирок үч айга чейин министрге иштөөгө уруксат беришибиз керек. Сиздин байларга анан орто жашаган адамдарга жөлөк пул берилбеши керек деген принцибиңизди колдойм", - деп кайрылды министрге Жапаров.

Депутат Максат Сабиров ("Республика-Ата Журт"): "Бул жерде бир эле өкмөт эмес, эки тараптын тең күнөөбүз бар. Азыр министрди кетиргенибиз менен маселе чечилбейт. Ошондуктан өкмөттүн бул сунушун колдоп берели", - деп айтты.

Сабировдун фракциялашы Кенжебек Бокоев: "Бул жерде кемчилик бизден да кеткен. Эгер мыйзамды карабасак, жалпы 150 миң бала жөлөк пул албай калат. Өкмөттүн да кемчилиги бар. Өкмөт айткан 7 миллиард сомдун булагы аныкталган эмес. Эски мыйзамдагы аз камсыз болгон үй-бүлө деген түшүнүк жок болуп кетип жатат", - деди Бокоев.

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев мыйзамды кайра иштеп чыгып, байлар жана орто катмардагы адамдар сүйүнчү пулду да албай турган кылып өзгөртүшүбүз керектигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jigit.1982
2017-12-27 18:03:35
Айнанайын байлар бай болуп торолбойт, кедей кедей болуп торолбойт. Аракети менен жакшы жашаса болобу. Бай же орто жашаган адамдардын балдарынын кембагалдардын балдарынан эмнеси кем. Азыр карасан бутундой колунда жоктор арак ичкендер, колунан эч бир жумуш келбегендер. Эгер билсенер окмотто иштеп налогту толойбуз. Алар бир тыйын толошпойт мамлекетке анан мамлекеттен суйунчу пул алат, жолок пул алат. Ал Эми бизге жок. Баарына тегиз караш керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан