Чыныбай Турсунбеков Нарында жөлөк пул боюнча митингге чыккан келиндерге сыйлык берүүнү сунуштады

Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңеште балдарга жөлөк пулду берүү мөөнөтүн 3 айга жылдыруу маселеси каралууда. Анда депутаттар кабыл алынган мыйзамда бир канча катачылыктар болгонун белгилешти. Депутат Чыныбай Турсунбеков алгач бул мыйзамдагы кемчиликтерди ачыктап, нааразычылык митингине чыккан Нарындагы келиндерге сыйлык берүүнү сунуштады.

"Менин сунушум: Нарында суукка карабай митингге, ачкачылыкка чыккан келиндерди чакырып келип, ушул жактан сыйлык берип койсок, менимче, абдан туура иш болот. Мен ушул жерден туруп, баарыбыздын атыбыздан Нарындын келиндерине рахмат айтып койгум келип турат", - деди Турсунбеков.

Депутат мыйзамды өзгөртүүгө үч ай кыска убакыт экенин белгилеп, 6 ай убакыт берүүнү сурады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
dina
2017-12-27 15:45:28
Атамбаев кеткенче чыгыш керек Эле. Бала ыйлабаса тамак жок))
+2
raxatka
2017-12-27 15:50:38
Бул эми кайсы жомогун баштады? Пособияны 6 айга кечиктирсе мен алты ай свет суу жана дагы ушул сыяктуу салыктарды толоодон баш тартам! Силер ичип жеп жылуу уйдо отуруп элдин акчасына, сыйлыгын менен кууурап кал!!!
+6
saparu
2017-12-27 16:04:07
Менимче 6 ай жолок пулду бербей койбойт мурунку мыйзам боюнча берет болуш керек
+2
muslim87
2017-12-27 16:05:01
Ыйлаган балага буламык берип алдагандай кылбай маселени чечкиле эртерээк. Бул мыйзамда ката бар экенин билип туруп шайлоодон элдин добушун алуу үчүн болуп атканын билип туруп колдогон депутаттарды мыйзамды жазган депутаттарды жана кол койгон президентти жоопко тартуу керек.
+2
Too-tash
2017-12-27 16:20:38
Негизи мага койсо ошол сандырак мыйзамдын автору Карамат Орозованы, ошол мыйзамды колдогон депутаттарды жана ал мыйзамга кол койгон Атамбаев деген ... жоопко тартаар элем...
+4
Too-tash
2017-12-27 16:25:24
Суйунчу пулду жоюп оорукана курат элек деп доорубостон, кочмондор оюнуна жумшалчу акчага оорукана кургула... Кочмондор оюнун откорууго элдин басымдуу болугу каршы!!! Ошол акчаны талаага чачпай максаттуу пайдалангыла!!!

Ал эми бобоктордун суйунчу пул, жолок пулдарына тийбегиле!!!

Аларды жойгуча агка жук башка жук Жогорку Кенешти жоюп салса туура болот!!!
+4
Nanei
2017-12-27 16:42:17
Too-tash,туура 300млн зон эле оюн зооко сапырылып кетет. Уят,эмне дешти да билбейсин чондорго. Канчалык эл кыйналган сайын булардын ар кайсы жылаанды бир коргозгону кобойду.
+3
kuba1985
2017-12-27 16:49:24
Мумкунчулугу чектелген балдардын энелерине эмгек акы чыгарып беребиз деп жатышты эле ал мыйзам эмне болу супер инфо тактап бергилечи?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан