Кенжебек Бокоев: "Жөлөк пул жөнүндө мыйзам долбоору шайлоонун шарапаты менен өтүп кеткен"

"Жөлөк пул жөнүндө мыйзам долбоору шайлоонун шарапаты менен өтүп кеткен", - деди бүгүн, 27-декабрда "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев.

Эл өкүлү мыйзам долбоору үч окууда каралып жатканда каршы пикирин айтканын белгиледи. "Мыйзам долбоору парламентте каралып жатканда каршы пикиримди айткам. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлары менен телеберүүлөргө чыгып, туура эмес деп билдиргем. Жөлөк пул жакыр үй-бүлөгө берилиши керек. Бай үй-бүлөлөр балдарын 10 миң сом төлөп бактырып жатышат. Аларга 500 сом берүүнүн эмне кереги бар? Азыркы иштеп жаткан эски мыйзамды өнүктүрүү зарыл. Министрди кетирүү жөнүндө сөз болуп жатат. Өкмөт отставкага кетиши керек. Министр жалгыз эле күнөөлүү эмес да?" - дейт Бокоев.

Эске салсак, Нарын шаарынын тургундары жөлөк пулдар жөнүндө мыйзамына киргизилген өзгөртүүгө нааразычылыгын билдирген.

Өкмөт Жогорку Кеңештин кароосуна “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун киргизди. 2018-жылдын 1-январында күчүнө кире турган аталган мыйзамдын бала төрөлгөндө бир жолу берилүүчү “балага сүйүнчү” төлөөгө тийиштүү жобосун кошпогондо, ишке кирүү мөөнөтүн 3 айга артка жылдыруу сунушталган.

"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамына ылайык, жаңы төрөлгөн балага 4 миң сом жөлөк пул берилери жазылган. Ал эми 3 жашка чейинкилерге ай сайын 700 сомдон, үчүнчү баладан баштап 3-16 жашка чейинки балдарга айына 500 сом бериле турганы камтылган. 21-июнда аталган мыйзам 3-окууда Жогорку Кеңеште кабыл алынган. Ал эми ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев 1-августта мыйзамга кол койгон. Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирмек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан