Бүгүн, 27-декабрда премьер-министр Сапар Исаков Бишкек шаарын өнүктүрүү тууралуу пландарын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кеңешме министрлик жана мекеме жетекчилеринин катышуусунда республика аймактарынын жана шаарларынын көйгөйүн ыкчам чечүү боюнча үзгүлтүксүз жолугушуулардын алкагында өткөрүлгөн. Мурда мындай кеңешмелер өлкөнүн бардык облустары боюнча өткөрүлгөн.
Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, Бишкек шаары – республиканын борбору жана анын экономикалык жана өнөр жай мүмкүнчүлүгү ата мекендик экономикада өзгөчө орунду ээлейт.
Премьер-министр Бишкекте акыркы жылдары жүргүзүлүп жаткан жагымдуу өзгөрүүлөрдү белгилеп, мэрия жетекчилигине аткарылган иштер үчүн ыраазычылык билдирди. Сапар Исаков белгилегендей, бүгүнкү күндө шаарда бир катар көйгөйлөр бар, аларды чечүү үчүн натыйжалуу механизмдерди иштеп чыгуу зарыл.
Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов мэрия тараптан жакынкы жылдарга борборду өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктаган жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган Бишкек шаарын өнүктүрүү боюнча 2017-2020-жылдарга "Жагымдуу шарты бар шаар" программасын ишке ашыруу активдүү жүрүп жаткандыгын маалымдады.
Мындан тышкары, Албек Ибраимов Чоң Чүй каналынын жээгиндеги турак жайлардын аймагындагы жер астындагы суулардын деңгээлин төмөндөтүүгө, Ички иштер министрлиги менен борбордогу светофордук объектилерди кармоо боюнча жоопкерчиликти бөлүштүрүүгө, билим берүү мекемелерин заманбап окуу куралдары менен жетиштүү түрдө камсыздоого, Бишкектеги зыяндуу заттардын абага бөлүнүп чыгуусун көзөмөлгө алууну уюштурууга, "Бишкексууканалдын" тазалоочу жайларындагы кайтарылган аймактагы мыйзамсыз курулуштарга, ошондой эле айрым маселелерди ыкчам чечүү үчүн айрым мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын Бишкек шаарынын мэриясына ыйгарууга байланыштуу шаар көйгөйлөрү тууралуу маалымат берди.
Премьер-министр Сапар Исаков тийиштүү мамлекеттик органдарга кеңешменин жүрүшүндө айтылган маселелер боюнча ыкчам тартипте сунуш киргизип, чараларды көрүүнү тапшырды.
Мындан тышкары, өкмөт башчы эскерткендей, жакын арада Бишкек шаарында "Акылдуу шаар" долбоорун ишке киргизүү башталат жана аны ийгиликтүү ишке ашырууда өлкөнүн жалпы министрлик жана мекеме жетекчилерин Бишкек шаарынын мэриясына колдон келген көмөгүн көрсөтүүгө чакырды.