Алматы көчөсүндө, "Мадина" базарынын маңдайына курулган жер үстүндөгү өтмөк троллейбус линияларына эч кандай тоскоолдук жаратпайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
"Кечээ, 26-декабрда ачылышы болгон жер үстүндөгү өтмөк троллейбус линияларына эч кандай тоскоолдук жаратпайт, анткени линиялар ал өтмөктүн астынан өтөт", - дейт басма сөз кызматы.
Ошондой эле социалдык тармактарга тараган сүрөттө линиялар өтмөктүн үстүнөн өткөндөй болуп көрүнүп калгандыгына байланыштуу ар кандай ой-пикирлер айтылып жаткандыгын белгилеп өттү.
Айта кетсек, социалдык тармактарда жаңы ачылган өтмөктүн сүрөттөрү кенен тарап, анда троллейбус линиялары өтмөктүн үстүнөн өткөндөй көрүнүп калган. Интернет колдонуучулар бул сүрөттү кызуу талкуулап, мындай жагдайды эске албаган мэриянын ишин сынга алган.