Disney компаниясы өзү тарткан "Мулан" мультфильминин киносун чыгарат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, белгилүү кытай уламышына таянып тартыла турган "Мулан" фильминин башкы каарманынын ролун кытайлык актриса, ырчы жана модель Лю Ифей (каймана аты Кристал Лю) аткарат. Актриса 1000ден ашуун кыздардын арасынан тандап алынган. Ал буга чейин Голливуддун бир канча долбоорлоруна тартылып, англис тилинде эркин сүйлөйт.
Ошондой эле тасманын режиссёру жаңы зеландиялык Ники Каро экени айтылып, фильм 2019-жылы чоң экранга чыга турганы маалым болгон.
Белгилей кетсек, буга чейин Disney компаниясы тарабынан "Күлала", "Малефисента", "Сулуу жана түрү суук" мультфильмдеринин да кинолору тартылган.