ЕАЭБге кирген өлкөлөрдө чек арадан товар өткөрүүнүн мөөнөтү 2 суткадан 4 саатка чейин кыскарат

ЕАЭБге кирген өлкөлөрдө чек арадан товар өткөрүүнүн мөөнөтү 2 суткадан 4 саатка чейин кыскарат. Бул тууралуу экономика министри Артём Новиков бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтты. Министр сунушталып жаткан Бажы кодекси аркылуу ЕАЭБ курамындагы мамлекеттердин бажы мамилелери жолго салынарын айтты.

"ЕАЭБдин Бажы кодекси чек ара маселелериндеги жол-жоболорду жөнөкөйлөтөт. Сунушталып жаткан мыйзам чек ара тыгындарын чечүүнүн жолдорунун бири болуп саналат. Анын алкагында электрондук "бирдиктүү терезе" усулунун киргизилиши кагаз түрүндөгү документтерден арылтып, жумушту жеӊилдетет. Азыр чек арадан товар өткөрүү мөөнөтү 2 сутка болсо, ал кийин 4 саатка чейин кыскарат", - деди Новиков.

Депутаттар 2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимин ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө жиберди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан