Бишкек-Ош каттамындагы посттордо турган оор жүк ташуучу унаалардын саны 600, жеңил унаалардын саны 400дөн ашты

Учурда Бишкек-Ош унаа жолундагы посттордо турган оор жүк ташуучу унаалардын саны 600дөн, жеңил унаалардын саны 400дөн ашты. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, саат 15:40ка карата Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда 120 оор жүк ташуучу жана 225 жеңил унаалар турат. Ал эми Токтогул районунун "Арал" постунда 500 оор жүк ташуучу жана 200 жеңил унаалар турат. Азыркы учурда Төө-Ашуунун түндүк-түштүк тарабында шамал болуп күрткү болууда, бирок кар токтогон.

Унаалар топтолгон жерлерде ысык чай жана жылынуучу жайлар уюштурулган.

Эскерте кетсек, Бишкек-Ош унаа жолу туруксуз аба ырайына жана кардын калың жаашына байланыштуу бүгүн эртең менен убактылуу жабылган. Кооптуу участоктордогу кар көчкүлөрдү атайылап түшүрүү иш-чараларын жүргүзүү максатында Бишкек-Ош автоунаа жолунун 132-137 жана 198-255-чакырымдарында артиллериялык жабдыктарын колдонуу менен 2017-жылдын 27-декабрынан 31-декабрга чейин кар күрткүлөрүн атайылап түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан