Бүгүн, 27-декабрда түнкү саат 3:00 чамаларында өлкө аймагында кар жаап, катуу шамал катталган. Калың жааган кардын кесепетинен өлкө аймагында жарык өчүп, жол тыгындар жана тоолуу аймактарда кар көчкү орун алса, шамал үйлөрдүн чатырларын учуруп, бактарды кулатты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча Кара-Буура районунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 25-30 метрге чейин жеткен. Ал эми "Түндүк электр" ишканасынын маалыматы боюнча Чүй жана Талас облустарында калың кардын кесепетинен чубалгылар үзүлүп, электр жарыгы өчүп калган.
Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районундагы Көк-Серек айылында катуу шамал Токтогул Сатылганов атындагы Nº24-мектептин чатырынын жарымын учуруп кеткен. Ошондой эле бак-дарактар кулап, электр зымдары үзүлүп кеткенине байланыштуу мектепте окуу токтотулду.
Ош облусундагы Кара-Суу шаарында банк менен дарыкананын имаратынын чатыры катуу шамалдан улам кулап калды. Курулуш каражаттары жолго кулап, жол жабылып калган. Чатыр кулаганда ошол жердеги бактарды жыгылткан. Кырсыктын натыйжасында жабыр тарткандар болгон жок.
Жайыл районундагы Ставрополовка айылында катуу шамал сарайлардын шиферлерин учуруп, короонун дубалдары да жыгылып калган.
Ала-Бука районунун Өрүктү айылында да катуу шамал жүрүп, көптөрдүн шиферлерин учурду.
Ал эми калың кардын кесепетинен Бишкек-Ош унаа жолунда төрт кар көчкү түшкөн. Кар көчкү 2 унааны басып калып, жол жабылып калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тазалоо иштерин жүргүзүп, адам өмүрүн жоготуулар катталбаганын маалымдады.