Балыкчы-Корумду унаа жолун салып жаткан жумушчулар айлык акыларын алышты

Балыкчы-Корумду унаа жолун салып жаткан жумушчулардын айлык акысы которулду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын аягында мамлекеттик бюджетте акча тартыштыгына байланыштуу Балыкчы-Корумду унаа жолунун салынышы токтоп калган. Мындан улам министрликтин жол куруучуларга болгон карызынын саны 77,9 миллион сомду түзгөн. Министрлик жолду куруу үчүн жүргүзүлгөн тендерди утуп жана курулуш иштерин аткарып жаткан кытайлык "Лонг-Хай" ишканасынын эсебине 78 миллион сом которгон.

Эскерте кетсек, буга чейин жол куруучулар басма сөз жыйынын өткөрүп, бийлик өкүлдөрүнө айлык акыларын Жаңы жылга чейин төлөп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Marasul.gulnur
2017-12-27 18:31:13
Садиктерди кургандардын да айлык маянасыын берип койушса жаны жылга чейин жакшы болот эле.
+1
KUBI
2017-12-27 18:38:21
Бер дедим эле бериптир.рахмат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан