Бишкекте милиция кызматкери асынып өлгөн кыздын жансыз денесин видеого тартып, аны WhatsApp аркылуу башкаларга таратып жиберген

Бишкекте милиция кызматкери асынып өлгөн кыздын жансыз денесин видеого тартып, аны WhatsApp аркылуу башкаларга таратып жиберген. Бул тууралуу SUPER.KG'ге бүгүн, 27-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Адыл Оморов кабарлады. Анын айтымында, учурда милиция кызматкеринин мындай аракети боюнча ички иликтөө иштери жүрүп жатат. Ички иликтөө аяктаган соң юридикалык баа берүү үчүн материалдар прокуратурага жиберилет.

"Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Бишкекте каза болгон кыздын жансыз денесине ыкчам тергөө иштери жүрүп жатканда аны видеого тартып алып, башкаларга таратып жиберген. Учурда ички иликтөө иштери жүрүп жатат. Иликтөөдөн кийин юридикалык баа берүү үчүн материалдар прокуратурага жиберилет", - деди Оморов.

Эскерте кетсек, 21-декабрда Бишкек шаарынын Ленин районундагы турак жайлардын биринен 23-25 жаштагы кыздын жансыз денеси асылып турган абалда табылган. Экспертизанын алдын ала жыйынтыктарына караганда, ал кыз батирде жалгыз болгон жана асынып алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
adi_ko.kg
2017-12-27 23:39:40
Кудай сакта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан