Бешинчи каналдын жамааты өз ишмердүүлүгүн аяктайт. Бул тууралуу телекомпаниянын редакциясы кабарлады.
Маалыматта жазылгандай эртең, 28-декабрда эфирге жаңылыктардын акыркы берүүлөрү чыгат. Ошондой эле саат 20:00дөгү жаңылыктардын жыйынтыктоочу берүүсү телеканалдын тарыхына, буга чейин иштеп кеткен жана учурдагы жамаатына арналат.
Ошондой эле маалыматта Бешинчи канал биринчи жолу эфирге 11 жыл мурун, 2007-жылы 12-февралда чыкканы, ал эфирдик торчону өзүнүн берүүсү менен камсыз кылган КТРКдан тышкаркы алгачкы телеканал болгондугу айтылган. Мындан сырткары жаңылыктардан тышкары, Бешинчи каналда таңкы көңүл ачуучу программа түз эфирде көрсөтүлүп жатканы жана 11 жыл ичинде Бешинчи каналда ондогон түрдүү теледолбоорлор даярдалганы белгиленген.