Сапар Исаков Кыргыз мигранттарына укуктук колдоо боюнча иштерди күчтөндүрүүнү тапшырды

Премьер-министр Сапар Исаков 27-декабрда Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиевди кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчы өлкөнүн тийиштүү мамлекеттик органдары чет жердеги мекендештердин диаспоралары менен биргеликте эмгек мигранттарынын укугун коргоо жана алардын абалын жакшыртуу боюнча тыгыз иш алып баруунун зарылдыгын белгиледи.

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев 2017-жылдын жыйынтыгы жана мекеменин жакынкы пландары, ошондой эле ички жана тышкы миграция маселелери тууралуу маалымат берди.

Ал кошумчалагандай, быйыл сентябрь айында Орусиянын Москва шаарындагы премьер-министрдин мекендештер менен жолугушуусунун жүрүшүндө айтылган бардык маселелер иштелип жатат. Мындан тышкары, тийиштүү кызматтар менен Орусиянын аймагындагы эмгек мигранттарынын 30 күнгө чейин жүрүү мөөнөтүн узартуу, эмгек келишимдерин кайрадан түзүү жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн аймагында мигранттарды жашаган орду боюнча эмес, иш орду боюнча каттоо мүмкүндүгү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Медетбек Айдаралиевдин айтымында, "Жаны доорго кырк кадам" өкмөттүк программасын ишке ашыруу алкагында мекеме аркылуу чет өлкөдө жашаган мекендештердин Кыргыз жергесине келүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берүүчү 18-Кадамды – "Мекен-карт" улуттук демилгесин ишке ашыруу боюнча иштер жүрүүдө.

Мындан тышкары, чет өлкөдө жүргөн ар бир жаран үчүн Кыргыз миграциялык кызматына консультация үчүн кайрылуу мүмкүндүгүн берүүчү порталды ишке киргизүү боюнча иштер аткарылууда.

“Мамлекеттик органдар чет жердеги биздин жарандардын маселесин чечүүсү үчүн мекендештердин өз көйгөйлөрү тууралуу ыкчам маалымдоо мүмкүнчүлүгү болуусу зарыл. Портал 2018-жылдын мартына карата даяр болуусу керек, аны ишке киргизүүнү тездетүү зарыл”, – деди Сапар Исаков.

“Портал кыргыз, орус жана англис тилдеринде иш алып барып, биздин мекендештер гана эмес, Кыргыздын аймагындагы башка өлкөлөрдүн жарандары да тийиштүү маалыматка ээ болуусу керек", - деди Медетбек Айдаралиев.

Мындан тышкары, мекендештерди чет жерлерде укуктук колдоо боюнча иштерди күчтөндүрүү боюнча тапшырма берилди. Аны менен катар премьер-министр мекендештердин актуалдуу көйгөйлөрүнүн бири катары алардын эмгек мигранттардын укуктары жана миграциялык мыйзам туурасында маалыматынын төмөндүгүн белгиледи. Буга байланыштуу Мамлекеттик миграциялык кызматка бул багыттагы иштерди күчтөндүрүү тапшырмасын берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан