Бүгүн, 28-декабрда премьер-министр Сапар Исаковдун катышуусунда "Манас" аэропортунда "электрондук дарбазалар" системинин презентациясы өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, өкмөт башчы 22-ноябрда өткөн Бизнес жана инвестиция боюнча кеңешменин жыйынында "Манас" жана "Ош" аэропортторунда "электрондук дарбазалар" системин орнотуу маселесин иштеп чыгууну тапшырган.
"Электрондук дарбаза" аркылуу жарандар биометрикалык паспорт менен бир канча секунд аралыгында каттоодон өтөт. Мындай тутум жүргүнчүлөрдүн убактысын үнөмдөөгө жол ачат.