Бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев, вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев, маданият, маалымат жана туризм министри Султанбек Жумагулов ант беришти. Өкмөт мүчөлөрүнүн берген антын өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кабыл алды. Жээнбеков өлкө башчылыгына шайлангандан бери Жогорку Кеңештин жыйынына биринчи жолу катышты.
"Сиздер менен Жаңы жылдын алдында жолугуп жатабыз. Жаңы жыл элибизге ийгилик, жакшылыкты алып келген жылдардан болсун. Шайлоо алдында убадаларды бергенбиз, ошол убадаларды аткарган жыл болсун. Өкмөттүн ант берген мүчөлөрүнө баарыңыздарга ийгилик каалайм. 2018-жыл токчулуктун, молчулуктун жылы болсун, эл аман болсун. Баарыбыз эл арасында аман эсен бололу", - деди Жээнбеков.