Кыргыз өлкөсүн Япониянын “Супер интеллектуалдык 5:0” стратегиялык программасына киргизүү сунушун депутат Кубанычбек Жумалиев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында бүгүн, 28-декабрда айтты. Ал өнүккөн өлкөлөр бул программага чакан мамлекеттерди киргизүүгө кызыкдар экенин белгилеп, бул сунушту Кыргыз тарап киргизиши керектигин белгиледи.
"Япониянын өнүгүү стратегиясында “Супер интеллектуалдык 5:0” деп аталган жаңы коомду түзөбүз деп жатыптыр. Биз "Таза коомду" түзүп жатабыз. Көп жакшы иштер болуп жатат. Эгер Япония, Германия, АКШ биргелешип ошол долбоорду түзө турган болсо анда бизге окшогон чакан мамлекеттерди кошуп түзөбүз деп жатышыптыр. Ошондуктан менин сунушум Жогорку Кеңештин, өкмөттүн атынан Японияга кайрылып “Cупер интеллектуалдык 5:0” коомуна биздин кирүү кызыкчылыгыбыз бар экенин айтканыбыз оң", - деди Жумалиев.