Депутат калпак кийгизилген иттин окуясы тууралуу: "Итти кыргыз кылдык, кыргызды ит кылдык"

Бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Рыскелди Момбеков (КСДП) акыркы учурда коомчулуктун талкуусунда болуп жаткан окуяларга кайрылды. Депутат улуттун кадыр-баркына доо кетирген окуяларга укуктук баа берилбей жатканын айтып, укук коргоо органдарын бул окуяларга көңүл бурууга чакырды.

"Эскирип бараткан жылдын этегинде кылым карыткан кыргыздын улуттук байлыгы болгон калпакты итке кийгиздик. Кыргыз фашисттик Германиянын улутчулдарынын формасын кийди. Даректеп айтканда, итти кыргыз кылдык, кыргызды ит кылдык. Өткөндө Кара-Балтада каргалар өлгөндө айкырып, илимпоздорго иликтетип, ачкадан өлдүбү деп ашказанын, ууландыбы деп өпкөсүн ачып корутунду чыгардык. Каргага кайгырган кыргыздар кадырыбызга качан кайгырабыз? Карганы эстеген кыргыз, калпакты качан эстейбиз?

Эмне үчүн УКМК унчукпай, башкы прокурор баа бере албай отурат? Ошолордун иши ушулбу? Эң актуалдуу маселе ушул болууда. Мамлекеттин кадыр-баркын, ар-намысын Башкы прокуратура, УКМК коргошу керек. “24 кг”, “Заноза” жана башка маалымат каражаттарын, журналисттерди президенттин кадыр-баркына шек келтирди деп миллиондогон айыпка жыкпадыңарбы? Кыргыздын кадыр-баркы каргадан да төмөн болуп кеттиби? Эмне үчүн унчукпай отурушат. Эртең калпакты чочкого кийгизет, тууну мышыкка жоолук кылып салат, гербди эшекке ээр токум кылат”, - деди Момбеков.

Эске салсак, 22-декабрда Бишкектеги соода борборлорунун биринде итине калпак кийгизип иттердин көргөзмөсүнө катышкан кыз интернетте кызуу талкууга алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Benazir08
2017-12-28 10:54:23
Супер инфо мурункундай эле кылып койгулачы ачсам компьютерден ачкандай бп атат баш аламан кабарлар деп мурункусу эле жакшы эле кабарлар чонурак бп биринчиде чыкчу...
+2
Nibiru.
2017-12-28 10:57:34
Benazir08,ооба,ошол эле жакшы болчу. Мунусуна киргин да келбей калат экен майда болуп турса.
+2
Kojo1995
2017-12-28 11:11:21
Жооп берсин туура. Уюштуруучуларды дагы жоопко тартсын
+8
Nibiru.
2017-12-28 10:56:06
Башкалардын кадыр-баркы деп камап,олчойтуп айып салып жатышпайбы,анан эмне,баардык кыргыздын кадыры биригип ошончолук жокпу? Камаш керек аларды. Башка улуттар уюштурган да,белгилуу болуп турбайбы. Болбосо кыргыз канчалык акмак болсо да,калпакты итке кийгизип,чочкого тенелбейт эле. Анан да фашисттик форма деген туура эмес,ал жон гана тамаша иретинде болгон да. Бирок ушинтип намыска тие беришсе,албетте ошондой форманы кыргыз эч кимден сурабай эле кийип жана колдонуп баштайт. Очурбогуло комментти.
+8
Artur555
2017-12-28 10:57:30
Молодец
+7
Rifle_I
2017-12-28 11:04:55
Кыргызды ит кылган биздин атка минерлер. Башынан жакшы иштегенде минтип калпакты итке кийгизмек эмес. Кыргыздар чет өлкөдө кор болбойт эле. Коррупция гүлдөп жатпайт эле. Кумтөр бизге кызмат кылат эле.
Жепжутаттардын, презиженттин саясаты башынан туура эмес болгон.
+2
admin_superstan
2017-12-28 11:12:02
Benazir08, Nibiru., саламатсыздарбы! Ылдый жакта оң бурчта турган мобилдүү версия деген жазууну бассаңыздар.
+3
ali88
2017-12-28 11:12:54
Албетте туура,депутат мырзанын айтканына кошулам,бирок өкүнүчтүүсү,ошонун баарына жол ачкан,шарт түзүп берген силерсинер да урматтуу депутаттар,чиновниктер!!!Же калппы?КСДП партиясы баш калганы төш болуп.УКМК,Башкы прокуроратура эмнени айтат?Жогору жактан тапшырма түшпөсө?Алар даярдап берген нерсени гана кылышат,өз алдынча эч нерсе чечишпейт,чечишсе жумуштарынан айрылат да...
+4
Rifle_I
2017-12-28 11:15:56
Президент башынан эле коррупцияны жок кылып, саясатты мамлекеттин кызыкчылыгына жүргүгөндө калпакты итке эмес чет элдик конокторго да кийгизбейт элек. Бюджетибиз толуп , башка мамлекеттерге гранд бөлүп берет элек.

Түркмендердин ахалтекин атын алып чыгып көргүлөчү. Эч эч мүмкүн эмес, ал атты саткан түркмендин күнү бүттү дей бер. Закон бар , ал баарына тегиз иштеш керек.
+3
Rifle_I
2017-12-28 11:22:56
С.Ж. достойный иштеп берсе экен. Депутаттардын санын 35-40 азайтып, калган жепжутаттарды жоготуш керек.

Мыкты , өз ишин жакшы билген адистер мамлекеттен кете баштаса, бул мамлекеттин баткакка бата баштаган белгиси. Канчалаган күчтүү врачтар кетишип калды.

Мектептен акча аясаң, түрмө курасың деген сөз бекеринен айтылган эмес. Кылмыштуулук асманга чыкты Кыргызстанда. Эхх, айта берсек толтура. Президент керек, күчтүү командасы менен.
Кыргыз көчүн улабаш керек, кыр
+5
moskoy
2017-12-28 11:27:26
Озубуздукулор калпакты тенсинбей ,чечендин,арабдын такыясын кийип журсо,албетте башкалар итке кийизетта.Озубуз калпагыбызды кадырлабасак озго тебелейт да.
+5
Ma9
2017-12-28 11:41:35
менда бир маселени айтайын дегенмин жалал абад шаарында озбек мектептерде кыргыз тили сабагы жакшы отулбойт экен дажи оруус класстарда дагы эмнеге кыргызча билбейсинер десем кыргыз тил сабагынан уйротпойт конул бурушпайт анча дешти эмнеге озубуздун тилде сабактарды жакшы отулбойт
+5
Nurmat92
2017-12-28 13:29:08
Ma9,туура айтасың мисалы бишкекте кыргыз тил сабагы орусча өтөт анан кантип кыргызча сүйлөмөк тургай түшүнсүн орустарга кыргызча бир нерсе айтсаң оозун ачып туруп берет.
0
Jelezo
2017-12-28 12:04:34
Улутун кадыр баркы Атанбаевдин баркынан төмөнбү?
УКМК генпрокурор тез арада отставкага кетиши керек эле ушундай эл айтканда да унчукпай отурушат
+1
BekAmir
2017-12-28 12:55:50
Момбековдун созу 100% туура
+2
syrduujan
2017-12-28 13:37:50
Ошо жыбырап майда болп калыптыр э...пусть говоряттын студиясын озгорткондой го
0
taku1414
2017-12-28 18:42:55
Калпакты башка улуттарга подаркага бере берип баркын кетирдик. Алды баняга ХХХХ салып отуруп арты итке кийгизип чыкты.
0
admin_superstan
2017-12-29 10:50:20
muslim87, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан