Бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жанар Акаев бош турган вице-премьерлик кызматка Улукбек Кочкоровду же Таалатбек Масадыковду чакырууну сунуштады. Ал өкмөт мүчөлөрү буга чейин кетирген каталарын эске салып, өкмөткө сырттан президенттикке талапкер катары өзүн көрсөтө алган адамдарды чакыруу керектигин айтты.
"Азыр өкмөт мүчөлөрү ант берип кетишти. Буга чейин да ант берип, бирок ката кетирген вице-премьер-министрлер эч кандай антты аткарган жок. Жоопкерчиликти да алышкан жок. Менин айтайын дегеним, учурда бир вице-премьерлик кызмат бош. Бизде азыр чек ара коопсуздук маселеси, "Коопсуз шаар", видеокөзөмөл орнотуу сыяктуу бир да маселени өкмөт жасай элек. Сырттан деле кадрларды алып келсеңер болот эле деп сунуштагым келет.
Президенттик шайлоого катышып, өзүнүн программасын айткан Улукбек Кочкоров, Таалатбек Масадыков сыяктуу профессионал кадрларды өкмөт "шайлоодо бизге иштеген эмес" деген принцип менен эмес, "элге иштеп бер, 2-3 вице-премьер ишке жарабай жумуштан кетти, силердин колуңардан келсе ишке ашырып бергиле" деп ошол жигиттерди чакырса жакшы болот эле.
Алар келип долбоорлорду ишке ашырсын. Тажикстан "Коопсуз шаар" долбоорун 6 айда ишке ашырган. Бизде азыр видеокөзөмөл жок. Сапар Исаков ушул жерден 2017-жылдын аягына чейин Бишкек-Ош шаарларын толук видеокөзөмөл менен камсыз болот деп айткан. 10 видеокөзөмөл орнотулдубу?" - деп суроо салды Акаев.
Эскерте кетсек, 15-октябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына ылайык, Таалатбек Масадыков 10 миң 803 добушка (0,64 пайыз), Улукбек Кочкоров 8 миң 498 добушка (0,50 пайыз) ээ болушкан.