27-декабрда Чүй облусунун Кегети айылындагы орто мектепте дискотека уюштуруп, генератордон чыккан түтүнгө ууланып ооруканага кайрылган окуучулардын саны 110го жетти. Бул тууралуу SUPER.KG'ге бүгүн, 28-декабрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова кабарлады.
Анын айтымында, ооруканага кайрылган 110 окуучунун ичинен 3 окуучу оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
"Жалпы 110 окуучу ууланып калганын айтып ооруканага кайрылган. Анын ичинен 3 окуучу жандандыруу бөлүмүнө, дагы 35 окуучу оорукананын жалпы бөлүмүнө жаткырылган. Бүгүн эртең менен 3 окуучу жалпы бөлүмгө которулуп, калганы үйүнө чыгарылды", - деди Айгерчинова.
ӨКМнын маалыматына ылайык, 27-декабрь күнү саат 14:00 чамаларында Чүй облусунун Кегети айылындагы Исаев атындагы орто мектептин окуучулары электр жарыгы болбогондуктан генераторду пайдаланып, дискотека уюштурушкан. Бирок генератордон түтүн чыгып, окуучулар ага ууланып калышкан.