Жанар Акаев: "Президент кире калса тура калып кол чаап, сөзүбүздү бөлгөнүбүз туура эмес"

"Президент кире калса тура калып кол чаап, сөзүбүздү бөлгөнүбүз туура эмес", - деп бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында кесиптештерине кайрылып депутат Жанар Акаев билдирди.

Ал бүгүн өкмөт мүчөлөрүнүн антын кабыл алган Сооронбай Жээнбеков залга кирип келген учурда сүйлөп жаткан депутаттын микрофонун парламенттин төрагасы өчүрүп койгонун жүйө келтирди.

"Бүгүн жыйындар залына президент келип кетти. Президент менен премьер-министр кирип келгенде биз кесиптешибиздин микрофонун өчүрүп койдук. Парламент өзүбүздү өзүбүз сыйлашыбыз керек. Сөзүнүн жарымынан бөлүнгөнү туура эмес болду. Анткени биз элдин өкүлүбүз, бийликтин негизги бир бутагыбыз.

Президент мырзага деле айтып турса, ал бир мүнөт күтө турмак же президент отургандан кийин деле депутаттын сөзүн аягына чейин уксак болмок. Мындан ары бул кайталанбашы керек. Өлкө башчысы кире калса тура калып кол чаап, сөзүбүздү бөлгөнүбүз туура эмес. Ансыз деле бир аз кадырыбыз кетип жатат. Ушундай учурларга көңүл бурсак деп ойлойм", - деди Акаев.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин залына кирип келген учурда депутат Евгения Строкова (КСДП) сүйлөп жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Alixan-Nookat.2015
2017-12-28 11:45:20
Силерда военный турбайсыңарбы командир келсе тура калып, дагы депутаттар какайгыла деп команда берип койбопсунар.
+12
salimbek87.kg
2017-12-28 11:51:04
Alixan-Nookat.2015,Аша олтургандан
кийин болду шалпайгыла деппи тамаша
+4
islamik
2017-12-28 12:00:51
Жанар мужик!!!
+23
voennyi88
2017-12-28 12:30:12
Alixan-Nookat.2015, биздейби?.
-2
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-28 11:52:29
Сапар сапар эле дейсинер сапарынар ишке жарабады кулумуш болуп суйлогондон башканы билбейт экен
+1
Azatbek83
2017-12-28 12:58:34
Bolunbo.kyrgyz,ал ким озу ????!!!
-1
yrysbek
2017-12-28 12:56:45
Эл окулу Жанар мырза туура суйлоптурсун, ар-ким озунун ордун и кадыр баркын билиш керек деп эсептейм. Тушунуп турам ал жерде 120 депутат болсо анын жок эле дегенде 110 пахта койгучтар, ошол учун тура калып кол чабышат. Биз кандай башкаруудагы олко экенибизди алар ойлонуп да коюшкан эмес и ойлоно алышпайт.
+14
yrysbek
2017-12-28 12:58:51
С. Исаковдун вице-премьер министрлик кызматка кимди дайындоо боюнча оюн айта албагандыгы албетта анын кенешчиси (Атасы) олтурат , андан сурабаса болбойтда. А. Исаков ал жон гана фигура да, чечуучу болок.
+4
oscar89
2017-12-28 13:05:37
Жанар жакшыле нерселерди которуп чыгат негизи соз жок ага.... Бирок президент бул журт атасы, кыргыз элинин башчысы, тагыраагы Ханы. Жакындале жалпы кыргыз эли оз пикирлери менен аны туу тутуп шайлап алды. Демек ага да кандайдыр бир денгээлде сый корсотуу аша чабуу эмес"!
-7
al-abu-kinesz
2017-12-28 21:18:30
oscar89, Сый болок, кошоматчылык болок нерсе!
+2
Karban86
2017-12-28 13:10:23
Жанар дос сен президент болушун керек экен же премьер
+11
Elitta
2017-12-28 22:29:42
Karban86,Жанар досун да жумушту соз менен бутурчу бир бодонода!
0
buduz-80
2017-12-28 15:04:53
Биздин депутаттар жетелеме,оз пикири жок,принцип деген олуп калган,оз оордун билбеген кошоматчылар,мындай парламент менен алдыга жылыш болбойт,Жанар жарайсын депутат деген оз оюн айткандан тайманбаш керек да
+2
Mers124
2017-12-28 16:46:36
Журт атасы Жээнбековду дебегилечи. Өзү жакшы кишидир. Бирок президентикке бийликтин күчү менен эле келгендей
+1
al-abu-kinesz
2017-12-28 21:20:21
Кийинки президенттик шайлоодо кимди шайлаш керек экендигин бугундон баштап ойлонуш керек!!
0
barakcha
2017-12-28 22:47:55
al-abu-kinesz,бесполезно...
0
Azura
2017-12-28 22:59:10
Жанардай депутаттар ЖКда отурганы өкүндүрөт.
-1
Snejana
2017-12-29 23:11:19
Жанар туура айтат. Чындыгынды ушундай кошоматчылардын айынан, Кыргызстан онукпой жатат. Кийинки жаштардын коз карашы башка. Дегеним Союз кезинен калган туура эмес корунуштордун бири десе болот. Албетте кинолордон, айрым айтылып жургон создордон улам билем. Союз кезинде иштеп жургондор качан кетет, ошондо Кыргызстан онугот. Менин жеке пикирим.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан