"Манас" аэропортунда Сапар Исаков "Электрондук дарбазадан" алгачкылардан болуп өттү

Бүгүн, 28-декабрда премьер-министр Сапар Исаковдун катышуусунда "Манас" аэропортунда "Электрондук дарбазалар" системи ишке киргизилди.

"Электрондук дарбазадан" алгачкылардан болуп өкмөт башчы өзү өттү. Сапар Исаков бул систем ага жакканын айтып, муну өнүктүрүү керектигин белгиледи. Ошондой эле ал "Ош" аэропортуна дагы мындай системди орнотуу зарылдыгын билдирди.

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Дастан Догоевдин айтымында, "Электрондук дарбаза" аркылуу жарандар биометрикалык паспорт менен бир канча секунд аралыгында каттоодон өтөт. "Мындай тутум жүргүнчүлөрдүн убактысын үнөмдөөгө жол ачат. Келечекте башка өлкөнүн жарандарына да биометрикалык паспорт менен өткөнгө мүмкүнчүлүк ачылат", - деди Догоев.

"Манас" аэропортунда Сапар Исаков "Электрондук дарбазадан" өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан