Бүгүн, 28-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Жогорку Кеӊештин депутаты Тазабек Икрамов Бишкекте өткөн көргөзмөдө итке калпак кийгизгендерди жоопко тартууну талап кылды. Ушундай эле пикирди депутат Рыскелди Момбеков да айтып чыкты.
Улуттук баалуулуктар, рухий, диний ишенимдер кылдат мамилени талап кылган нерселер. Бирок Жогорку Кеңештин депутаттары патриоттуулугун популизм менен эмес, эл үчүн, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн маанилүү окуяларда көрсөтүүлөрү зарыл. Мисалы, Москвада жаш кыз-келиндер тирүүлөй өрттөнүп кеткенде, мамлекеттик органдар тарабынан эркин ММКларга басым-кысым жасалып баштаганда, "Кумтөрдө" мөӊгүнү талкалоого жол берген мыйзам каралганда, 2020-жылга чейин өзгөртүлбөйт деген норманы айланып өтүп Башмыйзам өзгөртүлүп баштаганда бул депутаттардын патриоттуулугу көрүнгөн эмес. 2015 жана 2017-жылдары Жогорку Кеӊеште депутаттык артыкчылыктардан баш тартуу маселеси каралганда Икрамов да, Момбеков да каршы добуш берип, башка депутаттар менен бирге өздөрүнө кызматтык унаа жана батирди сактап калышты.
Тазабек Икрамовдун саналуу демилгелеринин бири өлкөдө светтик жана динчилдердин тирешин жаратканы жалпыга маалым. 2016-жылы депутат жума намаз үчүн түшкү тыныгууга 2 саат берүүнү сунуштап чыккан. Парламентте светтик Кыргыз өлкөсүндө бир динге артыкчылык берилбеши керектиги айтылып, сунуш колдоо тапкан эмес. Бирок бул окуя өлкөдө чоң жаңжалга жетип, экс-муфтий Чубак Жалилов Икрамовдун сунушуна каршы чыккан депутаттардын жаназасына барбагыла, шайлоодо аларга добуш бербегиле деп үгүт жүргүзүүгө чейин барган.
Коопсуздук, кылмыштуулук, бүт тармакты каптаган коррупция, сөз эркиндигинин абалы, шайлоо алдында берилген убадаларды аткаруу. Айтор депутаттар көтөрүп чыгып, талкуулай турган, туура жолго сала турган маселе толтура. Чечилбей турган олуттуу маселелерди кыйгап өтүп итке калпак кийгизүүнү талкуулап отурган парламент менен Кыргыз кантип өнүгөт деген суроо жаралат...
Бишкек-Ош жолу автоунаа кыймылы үчүн ачылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 1 сутка мурда киргизилген чектөөлөр алынганын билдирди.
Эске салсак, 27-декабрда калың жааган кардан улам "Сосновка", "Арал" посттору жабылып, Бишкек-Ош унаа жолуна убактылуу чектөө киргизилген. Кыска убакытта посттордо кезекте турган оор жүк ташуучу унаалардын саны 600дөн, жеңил унаалардын саны 400дөн ашып кеткен. Айдоочулар жол тазаланбай, Ала-Бел ашуусунда 1 гана грейдер иштеп жатканын кабарлап нааразычылык билдиришти.
Бишкек-Ош жолу өлкөнүн түндүк менен түштүк аймагын байланыштырган жалгыз трасса. Анын узакка жабылышы Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарына жетүүнү кыйындатат, Бишкектен түштүккө күйүүчү май, азык-түлүк өӊдүү күнүмдүк тиричиликке зарыл товарларды ташып жеткирүү үзгүлтүккө учурайт. 2013-жылы Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун куруп баштоонун бир себеби да өлкө аймактарынын байланыш коопсуздугу болгон. Экс-президент Алмазбек Атамбаев "кокус азыркы Бишкек-Ош жолу жабылып калса, өлкө оор абалда калат. Бизге альтернативдүү жол сөзсүз керек", - деп билдирген. Тийиштүү министрликтер, Ош-Бишкек унаа жолу дирекциясы аталган жолдогу кыймылдын үзгүлтүксүз болушун камсыздай албай жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чукул кырдаалдар түгүл, жаратылыш мезгилине жараша кадимки режимде иштөөгө даяр эместигин көрсөтүүдө. Кечээги кар капыстан келген кырдаал эмес, синоптиктер алдынан айтып, эскертип эле келе жаткан абал эмес беле?..
Чүйдө 110 окуучу түтүнгө ууланып, үчөөсү ооруканада жатат. Саламаттыкты сактоо министрлиги 35 окуучу медициналык жардам алып үйүнө чыгарылганын билдирди. Факт боюнча териштирүү жүрүүдө.
Эскерте кетсек, 27-декабрда Чүй жана Талас облусунун 10 районунда электр энергиясы өчүп, 1 күн жарыксыз калышты. Ушул күнү Кегети айылында 7-8-класстын окуучулары генераторду пайдаланып, дискотека уюштурушканы белгилүү болду. Окуучулар генератордон чыккан түтүнгө ууланып калышкан. Балдар менен бирге 4 мугалим да ууланганы талкуу жаратууда. Билбестик жана шалаакылык босогодо турган Жаӊы жыл майрамын аз жерден чоӊ кайгыга айлантып жибере жаздады...