Тажикстандан келген этникалык кыргыздарга зомбулук көрсөткөндөрдүн видеосу боюнча маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлдү

Бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Тазабек Икрамов Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыздарды ур-токмокко алган видео боюнча маселени айтты. Эл өкүлү мындай жаман жоруктарга карата жоопкерчилик каралуусун талап кылды.

"Бул окуя 2016-жылы болдубу же 1996-жылы болгонбу, эми гана коомчулукка жарыяланып катуу талкуу болууда. Видеодо топтолушкан 5-6 адам 2 жигитти бети-башына койгулап жатат. Анда жабыр тарткандар Тажикстандан көчүп келген өзүбүздүн эле кыргыз улутундагы балдар. Жергиликтүү калк аларды уруп тарбиялап жатат. Биз бул видеону көрүп абдан капа болдук. Жакшы жашоодон үмүт артып, тарыхый мекенине келген жарандарга мындай мамиле жасаган адамдарды жазалашыбыз керек. Тосмо арыз берген күндө да мындай иштерге факт боюнча иш козголушу керек. Азыркы күндө Памирден, башка жактардан этникалык кыргыздар көчүп келип жатат. Аларга да мындай мамиле жасалып жүрбөсүн. Бул абдан жаман көрүнүш деп айтат элем", - деди Икрамов.

Депутат өкмөттүн өкүлүнө кайрылып, бул маселе боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Эске салсак, буга чейин интернетке Кыргыз өлкөсүнүн кайсы бир жеринде этникалык делген кыргыздарды ур-токмокко алып жаткан өспүрүмдөр тартылган видео тарап, ал социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Nanei
2017-12-28 12:02:29
Мен видеону коро албай койдум таквр эле
0
Kattaldym
2017-12-28 12:05:59
памирлик туугандар качып кетишпесе экен муну коруп алып)
+1
senchi
2017-12-28 13:08:54
Ата эненер кандай максатта чонойтот ушундай балдарды. Ата энесинин ыйманы болгондо балдарында ыйманга ундомок.
+1
pyeon hwa
2017-12-28 14:01:40
Кутуп отурдум эле качан ушул тема которулот деп)
+1
Too-tash
2017-12-28 18:44:45
Биринчиден тосмо арыз деген тушунукту жою керек!!! Тосмо арыз деп чондор, акчалуулар кылмыш жоопкерчилигинен качып кетип жатышат ар дайым...

Экинчиден башка олкодо озбек, тажиктерден кордук коруп оз Мекенине кочуп келген кыргыздарды кордогон акмактарды кылмыш жообуна тартуу керек!!! Алар чет жерде торолуп калганы учун куноолуубу?!!

Кайсы логикага таянып бул боюнча кылмыш ишин токтотуп коюшат?!!

+1
Too-tash
2017-12-28 18:48:01
Менин сунушум:

1- Ошол видеодо Тажикстандан кочуп келген этникалык кыргыз балдарды ур-токмокко алгандар баары бири калбай аныкталып, ар бири кеминде 5 жылга жатак абакка кесилиши керек. Жашы 16га толбогондор балдар колониясына жонотулуп, жашы 16га толгондо абакка которулушу керек!!! Ошол балдардын баары бири калбай жазаланышы керек, чондун же кембагалдын, керек болсо Аша менен Сокенин балдары болсо да... Кеминде 5 жылга жатак абакка окум чыгарыш керек андайларга!!!
+1
Too-tash
2017-12-28 18:51:33
Экинчиден ошол мектептин директору, тарбия завучу, класс жетекчиси кызматтан бошотулушу керек.

Ошол аймактын участковый инспектору, бул окуя боюнча кылмыш ишин караган прокуратура кызматкерлери, тергоочулор кызматынан бошотулуп, аларга чара коруу керек!!!

Анан акыркысы ошол айыптуу балдардын ата-энелеринин бири (бир уй-булодон бир киши, же атасы же апасы) милдеттуу турдо 100 сааттык коомдук жумушка тартылышы керек, балдарына туура тарбия бере албаганы учун!!!
0
Too-tash
2017-12-28 18:53:21
Эгер 120 депутаттын арасынан камчыга сап болоору бар болсо, бул окуя боюнча куноолуулор татыктуу жазасын алат деп умут кылалы, арасында камчыга сап болоор эч кимиси жок арам курсактуулар болсо, анда жыйынтык болбосу турган кеп.....
0
talaa11
2017-12-28 23:21:11
Бул деген жеткен манкуртчулук, мындай айбандарга катуу чара корушу керек башкаларга сабак Боло тургандай мындай XXXX
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан