Депутаттар: "Кар жааганда өкмөттүн кышка даяр эместиги билинди"

Бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар кар жаагандан кийин жаралган көйгөйлөрдү көтөрүштү. Алар аймактарда жол, электр жарыгынан маселелер жаралып, мындан эл кыйналганын кабарлашты.

Депутат Аалы Карашев: "Кар жаады, эл абдан кыйналып жатат. Жолдор убагында тазаланбай калган мезгилдер болууда. Ашууларда жол тыгындары 5-6 саат отуруп калгандар болду. Кечээ күнү жол жабылып калды деген кабарды окудук. Бүгүнкү күндө жол жабылса аба каттамы эле бар. Каттамдарды көбөйтөлү. Билет баасы боюнча 4000 сомдон ашпайт деген кымбат, эл көтөрө албайт дегенбиз, бирок бул боюнча реакция жок. Бул маселе чечилген жок", - деп өкмөт мүчөлөрүнө кайрылды.

Депутат Эмил Токтошев: Кыш күчүнө кирип, кардын жаашы менен бир катар айылдарда электр жарыгы өчүп, кышка болгон даярдыктардын жетишсиздиги байкалып калды”, - деп нааразычылыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
oscar89
2017-12-28 13:00:47
Депутаттардын арасынан жакшы пикири менен 4-5 эле адам чыгат... Дагы канча бири эл оозуна алынып жакшы иштерди аткарышат... калган 50 %тен жогорусу жон эле отурат да кыйраткансып.... 120 депутаттын такыр кереги жок.. татыктуу 50 депутат ашып ташып жетет Кыргыз Республикасына.
0
Nurmat92
2017-12-28 13:09:26
Буга чейин даярданышпай эшек такалап жүрүштүбү?
+1
Ulan2601
2017-12-28 13:31:34
Жолдорду тазалабайт калдырап таштак жолдо бараткандай болосун!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан