Дастан Бекешев: "Өлкөдө абанын тазалыгын текшерчү техникалык жабдык керек. 100 миң доллар турат"

Өлкөдө абанын тазалыгын текшерүүчү техникалык бир эле жабдык бар. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрдагы жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди. Ал Бишкек шаарындагы абанын тазалыгы боюнча маалымат алгандыгын, борбордун жашоочулары бир топ зыяндуу заттар менен дем алып жатканын айтты.

Бизде абанын тазалыгын текшерип туруучу заманбап жабдуулардан бирөө эле бар. Биз, жалпы эле жарандар аба ырайы сыяктуу эле кандай аба менен дем алып жатканыбызды билип турушубуз керек. Бул маселе чет өлкөлөрдө катардагы эле көрүнүш. Аткаруу бийлиги тиешелүү жабдуулар менен камсыздашы зарыл. Менимче, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинде каражат бар. Мындай жабдуулар 100 миң доллар турат. Гранттарды күтүп отурбастан жабдууларды сатып алышыбыз керек”, - деди Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Karban86
2017-12-28 13:03:42
Жашообуз зынк, телегейибиз тениз.
+2
Azatbek83
2017-12-28 13:10:28
Бизге Кудайга шугур ошол аба жетет.Азыр куса болуп журобуз оз абавызды сагынып чет олкодо сен эмес биз журобуз тутун жыттап сырости .Сен сонтогундон сатып алып уйуно же АК уйунорго орнотуп алгыла!Андан башка ишинер жокпу?!Бир пайдалуу иш кылгылачы качан корсо чыгаша!Алса алсын аны карызга алып анан элден акча чогултат аба тазалап жатабыз дешип.Жон эле отурчу!
+2
gulmi
2017-12-28 13:22:57
Ушунчалык элдин жашоосунан кабары жок,чет олкодогу кабарларды окуп коюп закон жазган депутатар аман болсун.Абанын таза эместигин билип алып эмне кылабыз?таза болбосо аны тазалаш керек.Ага акчабыз барбы?Андан коро Кытайдан келген пластмасса куруч,балдар жеп жаткан 5-10 сомдук витаминдер,жасалма жумурткалар сыяктуу элдин ден соолугун бузуп жаткан товарлар менен курошпойсунорбу.
+1
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-28 13:30:59
Жун баштар
0
PROS
2017-12-28 17:13:11
Аба бул жакта турсун, көчөдөгү жааган карды тазалай албай жатасыңар го чиновниктер?! Абаны кайдан тазаламак элеңер?! Дем ала бергиле эл менен бирге.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан